Ализа Солтонбекова саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу журналисттерге өзү билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү буйрукка бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Белгиленгендей, ал мамлекеттик кызматтарда иштөөнү пландабаган эмес. 

Ализа Солтонбекова 2021-жылдын февраль айынан бери саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.