Алканова: «Матраимовду сотко алып баратышат. Митинг уланат!»

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна алып бара жатышат. Бул тууралуу Матраимовдун тарапташы Элнура  Алканова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Матраимовго карата айыптар тагылып, сотко жеткирилгени жатат. Ошондой эле Алканова кечээ, 19-февралда башталган Матраимовду колдоо митинги аталган райондук соттун имаратында уланарын айтты.