Шыкмаматов: «2019-жылы Башкы прокуратура Белизгейт боюнча иш козгоодон баш тарткан. Эми негиз бар деп иш козгоптур»

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Аскердик прокуратурага суракка чакырылышы боюнча SEREP.MEDIA маалымат агенттигине комментарий берди.

«2019-жылы Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын лидери кезимде Башкы прокуратурага кайрылгам, Сегизбаевге Белизгейт боюнча иш козголушу керек деп. Ал кезде Башкы прокуратура иш козгоодон баш тарткан эле. Эми Башкы прокуратура өздөрүнүн эски токтомун жокко чыгарып, Белиз окуясы боюнча негизи бар деп иш козгошту», — дейт Шыкмаматов.