Алмамбет Шыкмаматов Инвестициялар министри кызматынан кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда өлкөнүн Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды. Мамлекет башчысы министрлик ишинин жыйынтыгынын жана Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу алдын ала маалыматын укту.

«Алсак, 2021-жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4 пайызга көбөйгөн. Учурда илгерилетүүдө 323,5 миллион доллар суммасындагы 5 долбоор турат. 2021-жылы жалпы суммасы 75 миллион долларлык эки долбоор ишке кирген. Министрлик тарабынан соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча иш жүрүп, инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип, Кыргыз-өзбек жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору ишке киргизилип жатканы жана башкалар белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен бирге Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу Инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди. Мамлекет башчысы Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.