Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка которулду

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды.

Аталган кызматты буга чейин Аида Төлөгөнова ээлеп келген. Анын эмне себептен кызматтан кеткени тууралуу маалымат жок.

Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын башында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы болуп дайындалган.