Алмамбет Шыкмаматов: «Келгиле, анда кайра шайлоо өткөрөбүз. Дагы Садыр утат»

Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген саясатчы Алмамбет Шыкмаматов «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал өз маегинде «Жаңы Башмыйзам кабыл алынчу болсо анда президент кайра шайланабы?» деген талкуулар боюнча пикирин билдирди.

«Эл бул Башмыйзам боюнча Садыр Жапаровду шайладым, тигил Конституция боюнча шайламак эмесмин дебейт. Эл өз тандоосун жасады. Журт башы Садыр Жапаров болсун, өлкө президенттик жол менен башкарылсын деп тандады. Бүттү да? Келгиле, анда кайра шайлоо кылалы. Дагы Садыр утат», -дейт экс-депутат.

Шыкмаматовдун маегин шилтемеден табасыз.