Саясатчы Алмамбет Шыкмаматов «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде аны «Кореядан инвестор алып келген жок» деп сынга алган депутатты «караңгы депутат» деп эсептей турганын айтты.
«Министриң каякта жүрөт? Кореяга барды, эч нерсе алып келген жок» деген депутаттын атын айтпай эле коёюн. Ал караңгы депутат. Ал түшүнбөйт. Кореяга барып эле кыз ала качкандай инвесторду ала качып келбейсиң да. Корея оюнчукпу, министр барса эле, ээрчип кетип калгыдай? Кыргызстан кара тизмеде болчу. Биз барып, кара тизмеден чыгарып, системага кигизип келдик», — деди ал.