Алмамбет Шыкмаматов: «Улут катары улуу бир жеңишке жеттик»

«Биз улут катары улуу бир жеңишке жеттик» дейт Алмамбет Шыкмаматов. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун президенттик жарышта жеңишке жетишкени менен байланыштырат.

«Жашырганда эмне, шайлоолордо түндүктүн талапкери жана түштүктүн талапкери деген бөлүнүү кадимкидей билинип калчу. Ушул нерсе менин абдан тынчымды алчу. Бул ирет Садыр Жапаров түштүктөн 80 пайыздан ашуун добуш алды. Анын президенттикке шайланышы башка кеп. Бул жерде биз улут катары улуу бир жеңишке жеттик. Ошол жеңишти, ошол ынтымакты аздектей алсак, сөзсүз ийгиликке жетебиз», — дейт Шыкмаматов. Мурдагы депутаттын пикири боюнча Садыр Жапаровдун айрым атаандаштары аны курулай каралоо, жамандоо жолуна түшүп алганы үчүн өз потенциалдарынан төмөн добуш алышты. «Садыр Жапаров кытай экен, Кытайдын шпиону экен деген бул бет тырмарлык да» дейт саясатчы.

Алмамбет Шыкмаматовдун «Саясий коктейлдеги» маегин шилтемеден табасыз.