Алмас Абытов президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды

Абытов Алмас Ахунжанович президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Аталган кызматты буга чейин Анарбек Калматов ээлеп келген. Ал бүгүн, 27-октябрда президенттин администрациясынын ырайым берүү боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалганы айтылды.