Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына шайлашты. Ага 73 депутат добуш берди.
Ал эми буга чейин Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келген Мелис Турганбаев өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырды.