Алмаз Ибрагимов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Ибрагимов Алмаз Турдуметович президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алмаз Ибрагимов Ысык-Көл облусунда туулган. Көп жылдар бою Казакстандагы ири өнөр жай ишканаларынын топ-менеджери болуп иштеп келген жана ар кандай инновациялык долбоорлорду ишке ашырган.

Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ал «Курмет» жана «Отан» ордендери менен сыйланган, ошондой эле биринчи жана үчүнчү даражадагы «Барыс» орденинин жана үчүнчү даражадагы «Енбек даңкы» төш белгисинин ээси, Казакстандын минералдык ресурстар академиясынын ардактуу академиги, Торайгыров атындагы Павлодар мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.