Алмаз Токтогулов: «Аю» өзү кайрылуу кылып, заводун мамлекетке берем деди»

«Аюнун» кожоюну өзү келип заводун мамлекетке берем деди. Бул тууралуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Токтогулов билдирди.

«Өз ыктыяры менен өткөрүп берди», — деди ал.

«Өзү келиптир да ээ, алып койгула, ашыкча кереги жок деп, кайрымдуулук кылыптыр да», — деди депутат Жанар Акаев.

«Ооба, өзүлөрү кайрылуу кылышты. Биздин ага тиешебиз жок экен. Тиешелүү органдар жооп берет», — деди ал.