Алмазбек Атамбаев 7-апрелге чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 4-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жазык иши каралды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда аталган райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары тарабынан тандалган бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч келтирилди.

“Судья сот отурумунун катышуучуларынын пикирлерин угуп, аталган өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды жана Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин талабына ылайык, сот тарабынан иштин соттук териштирүү жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 7-апрелине чейин узартылды”, — деп айтылат маалыматта.

Кийинки соттук отурум 2021-жылдын 18-февраль күнүнө саат 14:00гө белгиленди.