Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялоо акциясын токтотту

Бүгүн, 28-октябрда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ден №47 абакка которулду. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу Атамбаевдин мындан үч күн мурун баштаган ачкачылык жарыялоо акциясын токтотконун айтты. «Алмазбек Шаршенович башка абакка которулду. Буга байланыштуу ал ачкачылыгын токтотту. Бирок ден соолугу дагы деле дарыланууну талап кылган абалда турат», — дейт жактоочу. 26-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулганына байланыштуу ачкачылык жарыялаган эле.