Алмазбек Атамбаев азырынча түрмөдөн чыкпайт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тез арада түрмөдөн чыгаруу керек. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев бүгүн, 1-декабрда билдирди. Кечээ Жогорку Сот Батукаев боюнча Алмазбек Атамбаевге карата чыгарылган буга чейинки райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого жөнөткөн эле.

“Соттордун чечиминен улам Алмазбек Атамбаев түрмөдө кармалып турган. Кечээ ал чечимдер жокко чыгарылды, демек аны мындан ары түрмөдө кармоого негиз жок”, — деди Замир Жоошев.

Буга байланыштуу Жогорку Сот кечээ күнү каралган иштин материалдары Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлө элек деп маалымат таратты. “Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев анын иши биринчи инстанцияда каралып башталганга чейин камакта кармалат. Материалдар 5 күндүн ичинде биринчи инстанцияга жеткирилиши керек. Бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселеге келсек, Биринчи Май райондук сотунда кылмыш ишинин кайрадан каралуусунда адвокаттардын өтүнү менен уруксат берилиши ыктымал”, — деп жазылат Жогорку Соттун маалыматында.