Атамбаев: «Эл үй-бүлөмө жардам берип жатат. Бул мен үчүн чоң колдоо»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев журналист Лейла Саралаева менен маек куруп кыргызстандыктарга салам жолдоду.

«Мен жана менин үй-бүлөмө эл колдоо көрсөтүп жатат. Мага жарандар жардам беришүүдө. Көчөдө менин балдарымды, жубайымды көрүп калышса, салам айттырып жиберишет. Чындыгында колунан эмне келсе, ошону кылышууда. Албетте, бул чоң колдоо. Бул мага жардам берет. Бул бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Баары жакшы болот», — деди мурдагы президент.