Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды.

Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:

1) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;

2) II даражадагы “Манас” ордени;

3) “Данакер” ордени;

4) “Даңк” медалы.