Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот процесси кийинкиге жылдырылды.

Отурум башталганга чейин соттун катчысы сессияга эки айыпталуучу — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аскарбек Шадиев жана Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов катышпай калгандыгын жүйө кылуу менен соттук отурум 2-декабрга жылдырылганын айтты.

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев «Бүгүнкү соттук отурум Албек Ибрамовдун кайсы жакта экени такталганга чейин токтотулду. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин адвокаты менен болгон сүйлөшүүсүн тыңшоо боюнча иш козголуп, тергөө амаладары жүруп жатат” деди.