Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

29-сентябрда ал коррупцияга шектелип Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган.