Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, кыргыз элине кайрылуу жасагандан көп өтпөй эле, жаңы Конституцияга ылайык, өкмөт Министрлер кабинети болуп өзгөрдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалды.

Эң кызыгы, министрлер кабинетинин мүчөсүндөгү билим берүү министринин өзгөргөндүгүндө болду. Тактап айтканда, буга чейин билим берүү министри кызматын Алмазбек Бейшеналиев аркалап келген болсо, бүгүн Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Болотбек Купешев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.