Алмазбек Бейшеналиев бир жылга жетпей кайра билим берүү министри болуп дайындалды

Алмазбек Бейшеналиев бир жылга жетпей кайра билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан ырасташты.

Ал жогорудагы кызматтан өткөн жылдын май айында бошотулган болчу. 2021-жылдын июнь айында Кыргыз өлкөсүнүн Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган.