Алмазбек Бейшеналиев: «Министрлик кызматтан кетип, кайра келишим президенттин чечими»

«Билим берүү министри кызматынан кетип, кайра келишим президенттин чечими». Бул тууралуу Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Ошол учурда мага ошондой сунуш берди. Азыр кайра бул жакка келүү боюнча тапшырма койду. Ошонун негизинде келип жатам», — деди ал.

14-февралда Алмазбек Бейшеналиев бир жылга жетпей кайра билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Ал жогорудагы кызматтан өткөн жылдын май айында бошотулган болчу. 2021-жылдын июнь айында Кыргыз өлкөсүнүн Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган эле.