Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна Уланбек Мамбетакунов билим берүү министри болгону жатат

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Уланбек Мамбетакуновдун талапкерлиги билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.