Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо. Бул тууралуу төраганын маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев жазды.
«Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок. Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Андыктан төраганын атын жаман аттуу кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз», — деп жазды ал.
- «ПолитКлиника» медиасы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазылган кат делген документтин сүрөтүн жарыялган. Анда Шакиев «мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде сот органдарынын сайтынан алып салууну жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюну» суранган.
- «Жогорку Кеңештин башка депутаттары сыяктуу эле №17 бир мандатуу Аксы шайлоо округунан шайланган депутат катары мага да Жалал-Абад облусунун тургундарынан экс-президент Курманбек Бакиевдин атын калыбына келтирип берүүнү, аны мыйзамдын негизинде реабилитациялоону суранган кайрылуулар көп түшөт», — деп жазылган катта.