Алтынбек Деркембаев: «Нурланбек Шакиев тарабынан жазылды делген кат — жасалма»

Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо. Бул тууралуу төраганын маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев жазды.

«Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок. Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Андыктан төраганын атын жаман аттуу кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз», — деп жазды ал.