Алтынбек Жумаев президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Марс Нурай Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин дагы бир тескемеси менен бул кызматка Алтынбек Жумаев дайындалды.