Алтынбек Сулайманов: «Кумтөрдү» жаап салып, такыр иштетпешибиз керек»

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча баяндама жасап, Кумтөргө убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштады.

Депутат Алтынбек Сулайманов «Кумтөрдү» таптакыр жаап салуу керек деген сунушун айтты. Анын айтымында, учурда Кыргызстан эң маанилүү болгон аба менен сууну булгап жатат. «Соттон утабыз же утулабыз деп айтып жатасыздар. Менин оюмча токтотуу керек. Токтотуп биз «Кумтөрдү» жаап салышыбыз зарыл. Такыр иштетпешибиз керек. Биз дагы, алар дагы. 30 жылда тапкан пайдабыз, 1 миллиард 30 миллион доллар экен. 30 жылда биздин бюджетибиз 30 миллиард. Эми карагыла жылына 1 миллиард пайда тапсак, зыян 5 миллиард доллар болуп жатат. Бизге пайдасы жок экен. Биз дүйнө жүзү күрөшүп жаткан экологияны бузуп жатабыз. Ошондуктан иштетпешибиз керек», — деди ал.