«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнүн коногу бул ирет белгилүү саясатчы Алтынбек Сулайманов болду.
Өз маегинде эл өкүлү 2010-жылы Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев жана Канат Исаев менен биргеликте кантип партия түптөгөндөрүн жана эмнеден улам чачырап кеткендерин айтып берди. «2010-жылы партияны чогуу түптөгөнбүз, Бабановго сен лидер бол дегенбиз. Анда бизди «Республикага убактылуу кызыкчылыктар гана бириктирген эле. Ошондуктан бат чачырап кеттик. Биринчи болуп Канат Исаев менен партия лидери Бабановдун тиреши болгон. Анан Төрөбаев кетти. Мен эң аягында«, -деп эскерет Сулайманов.
Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүп, өз бааңызды бериңиз.