Алтынбек Сулайманов: «Бакиевдин «Ак жол» партиясына мени Молдомуса Конгантиев алып келген»

Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын жана аталган партиянын лидери Алтынбек Сулайманов «Супер ТВ» каналына маек берди. «Саясатка барууга көп жыл даярдангам» дейт ал.

«Саясатка келишим бир күндүк эле чечим болгон эмес, саясатка барууга мен көп жыл даярдангам. 2005-жылы өзүм туулуп-өскөн Ноокат районунан бир мандаттуу аймак боюнча депутаттык шайлоого катышам деп даярдангам. Айыл аксакалдары улууга жол бер деп суранышканынан ал жылы шайлоого катышпай, Асамидин Мариповго жол боштуп бергенмин. Жогорку Кеңештин ал чакырыгы 2 жылдан кийин эле таратылды. «Ак жол» партиясына болсо мени Молдомуса Конгантиев сунуштаган. Ал киши менен мамилем жакшы болчу. «Ак жолдо» мен топ жарган эмес, катардагы эле депутат болгом«,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.