Алтынбек Сулайманов: «Челюст» деген ат мени териктирбейт»

«Бир бол» партиясынын лидери, көрүнүктүү саясатчы Алтынбек Сулайманов «Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берди.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо алдында «Бир бол» партиясынын рекламалык тамашалуу роликтери көпчүлүктүн көңүлүн бурган эле. Алтынбек Сулайманов шоу чөйрөсүндө жүргөн жаш жигиттер менен биргеликте Тик-Ток видеолорго, тамашалуу видеороликтерге да тартылды. Алардын бири «Челюст байке» жөнүндө болчу.

«Челюст» деген ат мени териктирбейт. Ал сөздүн айтылып калышына деле карап көрсөк, чыныгы жигиттик мүнөзү бар, эрктүү деген мааниде айтылып жүрөт«,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.