Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облус башчылыгынан бошотулду. Президент кол койду

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кечээ, 27-сентябрда Алтынбек Сулайманов кызматынан кетип жатканын айтып, билдирүү жазган. «Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж», — деп жазган ал.