Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда, жаңы дайындалган президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык  өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Мирбек Кожоев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.