Алтынбек Сулайманов: «Шайлоого чогулуп жаткан командаларды алсыздаштыруу деген түшүнүк болуп жатат окшойт»

Депутат Алтынбек Сулайманов ИИМге сурак берип чыкты. Сурактан чыккан эл өкүлү журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Иш боюнча эч кандай далил, аргумент жок. Кайрылуунун негизинде гана сурак алышты. Мен Курсан Асанов менен да, Туйгунаалы Абдраимов менен да сүйлөшкөн эмесмин. Интернетке чыккан бойдон эле чакырышыптыр. Тергөөнүн сырын ачпоо боюнча кагазга кол койдум. Кайра чакырса, келесиз дешти. Шайлоого чогулуп аткан командаларды алсыздаштыруу деген түшүнүк болуп жатат окшойт. Садыр Жапаров менен жолукканыма 1 ай болду. Мыйзамдын тегерегинде сүйлөшкөнбүз», — деди ал.

Буга чейин соцтармактарда бир канча коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тараган. Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана Азамат Мусакеевдин 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген чакырык менен ЖМКларга маек бергени жазылган.