Алтынбек Сулайманов: «Ташиев жана Жапаров менен ошол эле күнү чечишип алгам»

«Саясий коктейль» берүүсүнүн бул жолку коногу, өзгөчө стили жана мүнөзү бар, Жогорку Кеңеште «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов болду.

Депутат өз маегинде мүнөзү, Жогорку Кеңештеги, дегеле саясаттагы иштери тууралуу сөз кылды. «Мүнөзүм ушундай, бат ачууланып, жарылып кетишим мүмкүн. Бирок бат унутам«,- дейт ал. Маекте 2011-жылы Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиевди жана досуна болушам деген Садыр Жапаровду кошуп сабап койгону боюнча да кеп болду. «Ал дагы кайсы бир маселедеги адилеттүүлүк боюнча эле. Алардын өз чындыгы, менин өз чындыгым бар болчу. Парламенттеги аксакалдар аралашып ошол эле күнү чечишип алганбыз. Ал маселе ошол бойдон көтөрүлгөн эмес. Ага-инилик мамиледебиз«,- дейт Сулайманов.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.