Алтынбек Сулайманов: «Бул жолку шайлоодо элдин элегинен ар бир талапкер өтүүдө»

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жатан шайлоодо «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Алтынбек Сулайманов жарандык милдетин аткарып, №1219 шайлоо тилкесинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

“Тилекке каршы мурдагы адатыбыздан толук түрдө арыла элек экендигибиз байкалып жатат. Мурдагыдай болбосо да добуш  сатып алуулар болууда. Бул нерсени түп тамырынан жоготуп салуу кыйын, бирок акырындык менен коом таза шайлоого калыптанаарына ишенем.  Бул жолку шайлоодо элдин элегинен ар бир талапкер өтүүдө”, — дейт талапкер Сулайманов.