«Алтындын 30 пайызы Кыргызстанда калат». Марлен Маматалиев “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев “Жер казынасы жөнүндө” жана “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип жатышканын айтты.

Анын айтымында, мыйзамга өзгөртүүнү депутаттар Улугбек Ормонов, Нурланбек Шакиев, Нуржигит Кадырбеков, Жанар Акаев, Камила Талиева, Жеңишбек Токторбаев жана Акылбек Түмөнбаев демилгелеп жатышат.

«Кендерди колдонуп жатканда жергиликтүү калк менен ар кандай чыр-чатактар болот. Алардын бир топ себептери бар. Лицензия бергенден баштап, экологияга көрсөткөн зыяндарга чейин чыр-чатактар чыгып келет. Ошол эле учурда Менделеев таблицасындагы элементтердин бардыгы бизде бар болсо, анын ичинен алтын биздин байлыктарыбыздын бири. Тилекке каршы, ал чексиз эмес. Кайсы бир учурда түгөнөт. Биз ошол алтынды эффективдүү пайдаланып жатабызды же жокпу, бул экинчи маселе болуп жатат. «Туулган жердин топурагы алтын» дешет, бирок бизге алтын эмес, топурак эле калат. Салыкты төлөйт, соцтөлөмдөр которулат, фонддор болушу мүмкүн. Негизинен айтканда, алтын түрүндө эч нерсе калбайт. Биз ушуга өзгөртүү киргизип жатабыз. 

Ушул маселелерди жоюу максатында биз сунуштап жатабыз:

1) Алтынга болгон аукцион жана сынактардын жыйынтыгында сөзсүз түрдө кеминде 30 пайызы Кыргызстанда калат;

2) Комиссиялардын ачык-айкын иштеши үчүн курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, эксперттер, консультанттар киргизилүүдө», — деди ал.