«Алтындын 30 пайызы Кыргызстанда калат». Марлен Маматалиевдин мыйзам долбоорун комитеттеги депутаттар колдоду

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинде бүгүн, 17-майда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Жер казынасы жөнүндө” жана “Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар жөнүндө”) мыйзам долбоору 2-окууда каралды. 

Мыйзамда алтынга болгон аукцион жана сынактардын жыйынтыгында сөзсүз түрдө кеминде 30 пайызы Кыргызстанда калары жазылган. Баяндамачы депутат Марлен Маматалиев депутаттардын күмүш боюнча сунуштары мыйзам долбооруна киргизилгенин айтты. Депутаттар мыйзам долбоорун бир убакта 2-3-окууда колдоо чечимине келишти.