«Альянс» фракциясы жаңы лидер шайлайт

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы жакында жаңы лидерин шайлайт. Бул тууралуу журналисттерге аталган фракциядан билдиришти. 

24-февралда аталган фракциянын лидери болуп турган Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал эми 7 депутаттан турган фракцияда Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев мандат алды.