“Альянс” партиясынын алдыңкы ондугунда кимдер бар?

Бүгүн, 12-октябрда “Альянс” саясий партиясынын III кезексиз съезди өттү. Курултайга партиянын аймактык бөлүмдөрүнөн көрсөтүлгөн делегаттар жана сыйлуу меймандар катышты.

“Альянс” саясий партиясынын съездинин жыйынтыгы менен партиянын теңтөрагасы болуп Мирлан Жеенчороев жана Жанар Акаев шайланышты. Ошондой эле Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилди.

“Альянс” саясий партиясынын алдыңкы ондугунда Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жеенчороев, Жанар Акаев, Чыңгыз Айдарбеков, Оргалча Токтобүбү, Фарходбек Алимжанов, Эльдар Абакиров, Айсулуу Мамашова, Максатбек Сулайманов, Жолдошбек Кожобеков бар.

Ошондой эле белгилүү журналист Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, Абдывахап Нурбаев, Юлия Жаналиева, Сейтек Качкынбай да партиянын курамында шайлоого аттанары белгилүү болду.