«Альянс» партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты. Ал Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №1149 шайлоо участогунан өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, добуш берди.
“Биз шайлоону таза өткөрүшүбүз керек. Анткени бул мезгилдин талабы жана элдин талабы. Бул шайлоо тынч өтсө мамлекетибиз өнүгүү тарапка багыт алат”, — дейт Жээнчороев.










