Алымкадыр Бейшеналиев: «10-15 күндө 420 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет»

10-15 күндө 420 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан башка өлкөлөрдө аталган вакцинадан адам өлүмү көп катталып жаткандыктан баш тартышкан. Бирок ДССУ адамдардын өлүмү вакцинадан эмес, өнөкөт оорулардан катталып жаткандыгын аныктагандан кийин алууга макул болушкан.

«Биз вакцинаны март айында эле алмакпыз. Бирок башка өлкөлөрдө өлүмдөр катталганда токтотуп турганбыз. Бирок ДССУнун текшерүүсү боюнча AstraZeneca вакцинасынан эмес экен. Өнөкөт оорудан болгон экен. 10-15 күндө 420 миң доза AstraZeneca вакцинасы келип атат», — деди ал.