Алымкадыр Бейшеналиев боюнча түзүлгөн комиссия өз ишин жыйынтыктады

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө аныкталгандай, Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш ишин козгогон:

Алсак, 336-берене (коррупция) боюнча 1 кылмыш иши козголгон;

337, 339-беренелер (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, атайылап пайдасыз келишим түзүү) боюнча — 4 кылмыш иши;

Ошондой эле 343-берене (опузалап пара талап кылуу) боюнча 2 кылмыш иши козголгон.

Комиссия саламаттыкты сактоо министри Кыргыз Республикасында COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишмердүүлүгүн иликтеди. Мындан тышкары, комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди иликтеди.

Конституциянын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл.