Алымкадыр Бейшеналиев: «Дарыгерлер менен медайымдар эмес, эметкендер ооруп жатышат»

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Аккулу Бердиев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге медицина кызматкерлеринин эмдөөдөн өтүп, бирок ооруп жаткандар катталып жатканы тууралуу суроо берди.

Депутат: Бардык медицина кызматкерлери эмдөөдөн өттү да?

Министр: 70 пайызы эмделди. Калгандарынын өзүлөрүнүн антителолору көп экен. Алар албай турат.

Депутат: Медкызматкерлерден көп ооруп жатат да. Буга эмне себеп болуп жатат?

Министр: Аккулу Тагаевич, биз медкызматкерлерди күнүгө текшеребиз. Ал жерде дарыгерлер менен медайымдар эмес, эметкендер ооруп жатышат. Биз аларды да карап атабыз да.

Алымкадыр Бейшеналиев эметкендер кимдер экенин тактаган жок.