Алымкадыр Бейшеналиев: «Депутаттар Дубайда деген батиримди тапса, аларга белек кылам»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ага карата айтылган сынга жооп берди.

Бейшеналиев «Спутникке» 2 бөлмөлүү батирде жашай турганын, кызматтык унаада жүрөрүн, андыктан мыйзамсыз баюу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эместигин айтты.

“Депутаттар Дубайда деген батиримди тапса, аларга белек кылам. Унаамды кичүү балам айдайт, аялымдын 1997-жылы чыккан унаасы бар. Улуу балам бизнесмен экени чындык. 2010-жылга чейин биз үч бөлмөлүү батир алганыбыз анык, бирок азыр эки бөлмөлүү батирде турабыз”, — деди министр.

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу президентке, УКМКнын төрагасына кайрылуу жасап, анын бир дагы тууганы медицинада иштебей турганын айтты. Ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сотко бергенин айтып, аны саткын деп атады. Депутат аны коррупцияны схемалаштырып койгон деп айыптап, анын байлыктарын ачыктоого аракет кылды.