Министр: «Депутаттар мени «с ума сошедший» деген сайын, аброюм күчөп атат»

«Мага депутаттардын бардыгы ат коюшту. Кечээ мени «с ума сошедший» андай, мындай дешти. Депутат болуп туруп, элге ушул сөздү айтканда, ал жерде менин аброюм андан бетер күчөп атат». Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-каналга берген маегинде билдирди.

«Элдер ойлоп атат кантип ушул «с ума сошедшийди» министр кылып койду деп. Бул деген саламаттыкты сактоо жаатындагы реформаларды кылып, азыркы кезде 30 жылдан бери талкалап келатканды мен 2 айдын ичинде реформа кылып, азыркы кезде медиктердин бардыгы таң калып жатышат. Себеби мен чогулткан команда күнүгө иштеп, күнүгө керт башы менен жооп берет«, — деди ал.

30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева саламаттыкты сактоо министрине болгон нааразычылыгын билдирип: «Вакцинанация маселеси бул министрдин жана штабды башкарган жетекчиликтин шалаакылыгы. Силер алдап жатасыңар. Мурда эле вакцинаны алып койсо болмок. Ошол жумушту силер жакшы аткарган жоксуңар. Адамдардын өлүмүнө министрдин күнөөсү түздөн-түз бар. Уу-коргошун деп туруп алды. Дагы бир нерсе… Оору жуктурду дагы кайра отурат иштеп. Бул шалаакылык. Ушунчалык уяты жок адам экен. Уу-коргошун деп канча башты айлантты. Уу-коргошун болсо, анда оорубаш керек эле», — деген.