Алымкадыр Бейшеналиев: «4-ооруканага мас болуп барганымды далилдей алсаңар, отставкага кетем»

«Менин Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна мас болуп барганымды далилдей алсаңар, отставкага кетем дедим», — деди Саламатттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында.

«Кечээ Сабырбек Жумабеков менин саат 8де ал иштеген ооруканага барып, мас болуп алып сүйлөгөнүмдү айтты. Мен эгер мас болуп барганымды далилдей алсаңар, отставкага кетем дедим, бирок эч ким далилин айткан жок. Андыктан мен министр бойдон калдым», — деди ал.