«Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшошуп кетет» деди депутат Шайлообек Атазов Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Алымкадыр Бейшеналиевге.
«Реформа кылып жатканда бирөөнүн куйругун тебелеп алдыңызбы? Башкы прокуратура козгогон иштер боюнча айтып койсоңуз», — деди депутат.
«Менин жактоочум айткандай, мага коюлган 7 кылмыш иш боюнча акталып чыктым», — деди ал.
Депутат: Акталсаңыз неге иш козгойт сизге? Алар бекерчиби? Азыр прокуратура эмне болот? Сиз кайрыласызбы?
Бейшеналиев: Мен буга чейин айткам, эч жакка кайрылбайм. Ар бир адамдын кылган иши боюнча Кудай алдында жооп берет.
Депутат: Бул туура эмес окуя болду да. Прокуратура кааласа иш козгоп, кааласа жаап жүрө береби? Коомчулукта башаламандык кылып жатпайбы.










