Бейшеналиев: «Мамлекеттик ооруканада эмгектенген медик менчик клиникада иштебеши керек»

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик ооруканаларда иштеген медиктерге менчик ооруканаларда эмгектенүүгө тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Жыйында депутат Бурун Арунова министрге: Эмне үчүн менчик клиникалар мамлекеттик ооруканаларга караганда жакшы иштейт? Элдин көбү акчасына карабай менчик клиникаларга кайрылат. Ошол эле дарыгерлер иштейт да, туурабы? Түшкө чейин мамлекеттик ооруканада иштесе, түштөн кийин менчик клиникаларда иштешет. Эмне үчүн менчик клиникалардагы шарттарды мамлекеттик ооруканаларда түзүп койсо болбойт?» — деген суроо узатты.

«Сиздин сурооңуз убагында берилип жатат. Биз ушул боюнча силерге сунуш киргизели деп жатабыз. Ким мамлекеттик ооруканада иштесе, алар менчик клиникада иштебеши керек. Эгерде менчик клиникада иштесе, анда мамлекеттик ооруканада иштебесин деген сунуш киргизгени жатабыз. Себеби, эртең менен мамлекеттик ооруканада кабыл алат, ошол жактан анализдерди алат дагы, менчик клиникага жаткырып, операция жасашат, акчасын алышат», — деди министр.