Бейшеналиев: «Министрликтердин статс-катчылары ошол тармактын адистери болуш керек»

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчылары ротация жолу менен алмашканы маалым болгон. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министрликтер арасындагы ротация боюнча өз оюн билдирди.

“Министрликтердеги статс-катчылар ошол тармактын адистери болуш керек. Саламаттыкты сактоо тармагына медициналык билими бар адис статс-катчы болсо, ал ошол тармактын ичи-койнуна чейин билип, жакшы көрсөткүчтөргө жетише алат. Ошол үчүн Саламаттыкты сактоо тармагындагы статс-катчылыгына медицина адисин алып келүүнү пландап жатам. Бул орунга келчү адисти сынактын негизинде тандайм”, — деп министр өз оюн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги менен бөлүштү.