Алымкадыр Бейшеналиев: “Уу коргошунду резиденцияда даярдоо токтотулган”

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында уу коргошунду даярдоо токтотулган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, калктын суроо-талабынын көптүгүнөн улам уу-коргошунду даярдоону башка жерге жылдырышкан. «Көптөр уу-коргошун боюнча сурап жатышат. Анын ар кандай ооруларга пайдасы бар. Чөптү кылымдар бою колдонуп келгенбиз. Даярдоо ыкмасын, дозасын билбегендер болуп уулануулар болуп эле келген. Бирок буга чейин ал боюнча маалымат чыгарылган эмес. Ал эми быйыл журналисттер  дароо сенсация кылып жиберишти», — деди Бейшеналиев.

Министр учурда кайсыл жерде даярдалып жаткандыгы боюнча так маалымат берүүдөн баш тартты.